20-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Сарбан айылы, Жал айылы, жогорку Орок конушу, Кашкабаш айылы, 105-контур, ТЭЦ-2 конуштары, Достук, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түштүк тарабы), Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы).

«Баш-Кара-Суу» суу топтомундагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.

“Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.