Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Садык Мырзакматовдун төрагалыгы алдында бюджеттин кирешелери боюнча штаб өттү. Штабка Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын, Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Ленин финансы башкармалыгынын, Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын өкүлдөрү жана райондун МАБ башчылары катышышты.
Ленин районунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-жылдын январь-апрель айларындагы божомол аткаруусу жана 2023-жылдын 1-кварталындагы аткарылышы, ошондой эле өнөр жай өндүрүш тармагындагы ишкерлердин ишмердүүлүгүнө инвентаризация жүргүзүү маселеси каралды.
Штабдын отурумунда салык кызматтарына райондун жергиликтүү бюджетинин айлык пландык көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча ыкчам жана комплекстүү чараларды көрүү, салыктын планы 100%дан төмөн болуп кеткен салыктын түрлөрү боюнча ишти активдештирүү тапшырмасы берилди. Штабдын жыйынтыгы менен райондун МАБ башчыларына жана Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгына, Бишкек шаардык статистика башкармалыгына инвентаризациялоого көмөктөшүп, муниципалдык администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнө маалыматтарды өз убагында берип туруусун камсыздоо тапшырылды.
Жыйындын соңунда штабды ай сайын жана зарылчылыкка жараша өткөрүү чечими кабыл алынды.