Октябрь районунда №73 мектептин базасында Жарандык коргонуу күнү өткөрүлүп, ага окуучулар жана мугалимдер катышты.
Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өзгөчө кырдаалдарда негизги иш-аракеттерди иштеп чыгуу боюнча маалымат берип, жогорку класстын окуучулары менен «Жер титирөө», «Өрт» деген темада маалыматтык баарлашуу өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, иш-чара Октябрь районунун жарандык коргонуу боюнча 2023-жылга карата даярдык планынын алкагында уюштурулган.
Урматтуу шаар тургундары, коопсуздук чараларын сактоону суранабыз.
Өрт болгон учурда 101 кызматына чалышыңыз керек. Өрт диспетчери сиздин чакырууңузду жакынкы бөлүмгө өткөрүп берет.