17-апрелде Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаайт.

18-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолорго кар түшөт.

17-18-апрелде Чүй өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн +1...+6, күндүз +6...+11 чейин төмөндөйт.

19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт (0...-2ге чейин)

Кыргызгидромет мындай үшүк мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн гүлдөгөн бүчүрлөрү, гүлдөгөн мөмө бадалдары, жерге эгилген жашылча өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү үчүн кооптуу экендигин эскертет.