Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти “Гемофилия менен ооруган майыптар коому” коомдук бирикмеси, ошондой эле “ Вело Friends Позитив KG” коомдук бирикмеси менен биргеликте "Бүткүл дүйнөлүк гемофилия" күнүнө карата веложүрүш өткөрдү.

Жалпысынан 100дөн ашык адам катышты.

Веложүрүш Алма-Ата көчөсүнөн жана Түштүк магистралдын кесилишинен башталды. «Ынтымак -2» сейил багында веложарыштын катышуучулары марага чыгышты.

Ошондой эле сейил бакта кичинекей бейтап-балдар  үчүн жарыш болду.

Иш-чаранын расмий бөлүгү “Ынтымак- 2” сейил багында өтүп, анда балдар үчүн  чоң  куурчактар, белектер жана ланч бокстор менен шоу-программа тартууланды.

Иш-чаранын соңунда эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа  уюштурулду.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк гемофилия күнү жыл сайын 17-апрелде "Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо" уюмунун жана "Бүткүл дүйнөлүк Гемофилия" федерациясынын демилгеси менен белгиленет.