Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек мэриясы менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн расмий басылмасы «Российская газетанын» ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандум укуктук документ эмес, ниет протоколу болуп саналат, анда Россия менен Кыргызстандын окурмандарын кызыктырган маселелер боюнча маалымат алмашуу, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн маалымат алууда өз ара жардам көрсөтүү сыяктуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын багыттары жана формалары көрсөтүлгөн.

Документке мэр Эмилбек Абдыкадыров менен Москвадан учуп келген “Российская газетанын” редакциясынын башкы директору Павел Негойца кол коюшту.

Буга чейин «Российская газета» ушундай эле меморандумдарды Кыргыз Республикасынын бир катар облустары, мекемелери жана уюмдары – Ош шаары, Ош жана Ысык-Көл облустары, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры,  А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Кыргыз-Орус Славян университети ж.б.менен түзгөн.