Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 5-мартындагы № 58 «Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому менен «Үлүл» кафесинин имараты жергиликтүү маанидеги архитектуралык эстелик катары бекитилген.
Тарых жана маданият эстеликтери милдеттүү түрдө коргоого жана сактоого жатат жана аларды пайдалануунун өзгөчө укуктук режимине ээ. Белгилей кетсек, имарат 1980-жылы архитектор Р.Мухамадиевдин долбоору боюнча курулган.
2004-жылы Шопоков көчөсүндө жайгашкан «Үлүл» кафесинин учурдагы имаратынын жер тилкеси «Сфера КЖ» ЖЧКсына 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.
Объект №2 коопсуздук зонасында жайгашкан, анын аймагында эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдардын макулдугусуз кандайдыр бир курулуштарды курууга, колдонуудагы пландоо түзүмүн өзгөртүүгө тыюу салынат.
Белгилей кетсек, жер участогу сатылган учурда жаңы жерди пайдалануучу бул участоктун функционалдык арналышын өзгөртпөөгө тийиш.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине Шопоков көчөсүндөгү жер тилкесин үчүнчү жактарга берүүгө каршы эместиги тууралуу маалымкат берүү боюнча арыз түшө элек.