Бишкек троллейбус башкармалыгы Транспорт департаменти жана Бишкек шаарынын ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери менен биргеликте айдоочуларга жыйын өткөрдү.
Жыйындын максаты - троллейбус айдоочуларынын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана азайтуу.
Бишкек ШИИБдин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кырсыгына учураган учурда, жол чырактын тыюу салынган кызыл чырагынан өтүп кеткен айдоочуларга жеңилдик болбой турганын эскертишти.
Мындан тышкары башкармалыктын жетекчилиги троллейбус айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.