Комиссиясынын отурумуна комиссиянын курамына кирген Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, №4 ҮМБнун дарылоо иштери боюнча директордун орун басары, СӨБ жана МАБдын социалдык суроолор боюнча адистери катышты.
Жылдын башынан комиссияда 122 арыз каралып, бардык материалдар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды, анын ичинде: 7 арызга ар кандай себептер менен баш тартылып, 115 арызга жардам берилди.
Бир жолу берилүүчү материалдык жардам Бишкек шаарында туруктуу катталган абдан муктаж жана жарды тургундарга турак-жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысына ылайык жана муктаждыгын далилдеген документтердин негизинде (паспорт, үй-бүлөнүн курамы, кирешеси, окуусу тууралуу маалымкат, ошондой эле дарылануунун, дары-дармек препараттарынын, операцияны өткөрүү наркын далилдеген документтердин жана коммуналдык кызматтарга карыздары барлыгы) бир жылда бир жолу берилет.