18-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объектилерине жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектешет:

•Алыкулов көчөсү – БЧК –  Ала-Арча дарыясы - Л. Толстой көчөсү;
•Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү  (Прогородное айылы) – БЧК.

Ошондой эле «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер» жаңы конушу, 110 квартал, Достук кичи району.

“Батыш” суу топтомунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу токтотулат.

“Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууларын суранат.