Текшерүү курулуш объектилеринен дөңгөлөктөрүн топурактан тазалабай чыккан оор жүк ташуучу унаалардын санитардык нормаларды сактоосуна көзөмөлдү күчөтүүдө.
Жеринде текшерүү учурунда аныкталган бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, бардык чарбалык субъекттерге эскертүү иретинде жакшыртуу эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо жөнүндө билдирүүлөр берилүүдө.
Алсак, Исанов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол конструкциясын бузуп, булгагандыгы үчүн КР “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 177-беренесине ылайык, инспекция тарабынан «Боорсан констракшн» ишканасына 23 миң сом айып салынган. Ушул эле беренеге ылайык, Баялинов көчөсүндөгү №156 жолдун унаа жолун булгагандыгы үчүн «Би Строй Групп», «Лидер Хаус» ишканалары жана шаар тургуну Сарыбаев жоопкерчиликке тартылат.
Белгилей кетсек, өткөн айда Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында мындай 20 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Катталган бардык курулуш уюмдарына протоколдор түзүлдү.
Жалпысынан ай башынан бери бул берене боюнча 28 мыйзам бузуу катталып, жалпы суммасы 582 миң сомду түзгөн.
Муниципалдык инспекция эскертет: эгерде көрктөндүрүү эрежелеринин бузуу фактылары аныкталса, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактарга жеринде протоколдор түзүлөт.