Октябрь районунун Дайыр Асанов атындагы сейил багында «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 90 тирөөчтү сырдап, күйүп кеткен 15 лампаны алмаштырышты.
Борбор калаанын жарыктандыруучулары Октябрь районунун аянттарындагы лампалардын тирөөчтөрүн сырдоо, андан тышкары күйүп кеткен лампаларды алмаштыруу иштерине киришти.
Урматтуу шаардыктар, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн жарнамаларды, кулактандыруу баракчаларын чаптабоону жана шаардык кызматтардын ишин сыйлоону суранабыз.
Эгерде сиздин көчөңүздө караңгы болуп калса, сиздер үчүн ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp: 0777 902-115 номуру аркылуу кайрылсаңыздар болот.