2023-жылдын 9-апрелинен 14-апрелине чейин  Казакстандын борбору Астана шаарында грек-рим күрөшү боюнча кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты болуп өттү.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы командалык эсепте 2-орунду ээледи.

Күрөшкө чыккандардын арасында грек-рим күрөшү боюнча балбандар, Ленин районунун СДЮШОРунун өкүлдөрү болушту. Алар өз кезегинде эки медалга ээ болушту.

82 килограмга чейинки салмакта Азия чемпиону - Акылбек Талантбеков.

67 килограммга чейинки салмак чегинде Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси Раззак Бейшекеев болду.