12-апрелде Эл аралык космонавтика күнүндө россиялык космонавт-сыноочу, кыргызстандык Сергей Корсаков А.Токомбаев атындагы №24-мектеп-гимназиясында  өткөн алгачкы мектеп жылдарына кайтып келди.

Космонавтты борбор калаанын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Биринчи май районунун башчысынын орун басары Аида Рысбаева, райондук билим берүү борборунун жетекчиси жана мектептин директору коштоп жүрүштү.

Программанын алкагында1961-жылдын 12-апрелинде Юрий Гагариндин космоско биринчи жолу учушу тууралуу видео-ролик, аны менен бирге адамзат тарыхындагы башка космостук саякаттар боюнча видео көрсөтүлдү.

Сергей Корсаков балдар менен бирге “Уматурман” орус рок-тобунун "Жылдыздар" ырын аткарышты, видео-клиптин бөлүгү  орбитада жүргөндө жазылган.

Жыйынтыгында С. Корсаковго ак-калпак жана кыргыз чапаны белекке берилди.

Белгилей кетсек, Сергей Корсаков   2022-жылдын 18-мартында Байконур космодромунан "Союз МС-21" кемесинде Эл аралык космос станциясына №1 бортинженер катары учкан, жерге 2022-жылдын 29-сентябрында кайтып келген, учуунун узактыгы 194 суткадан (4 656 саат) ашкан.