Шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында Биринчи май районунун аймагында зымдардын абалы текшерилди.
Өзгөчө кароосуз калган зымдарга көңүл бурулуп, 350 метрге жакын зымдар кесилди.
Зымдарды туташуудан ажыратуу Түгөлбай-Ата жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде, Тыныстанов көчөсү менен Түгөлбай-Ата көчөсүнөн баштап Токтогул көчөсүнө чейин, Токтогул көчөсүндө Тыныстанов көчөсүнөн баштап Раззаков көчөсүнө чейинки аралыктагы жургузулду.
Иш чара акимчиликтин, №12 МАБнын, көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери, «Бишкекжарык» МИнин жарыктандыруучулары менен биргеликте жүргүзүлдү.
Бул багыттагы иштер улантылууда. Колдонуудагы, бирок түшүп калган зымдар керектүү чекке чейин өйдө көтөрүлдү.
Урматтуу интернет-провайдерлер жана шаардык кызматтар! Муниципалдык администрация көрктөндүрүү эрежелерин сактоого жана зымдарды иретке келтирүүгө чакырат.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз зымдарды жана кабелдерди башаламан абалда байкасаңыз, анда 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына байланышып, ошондой эле WhatsApp: 0554 182185 номуруна фото жана видеолорду жөнөтүүнү суранабыз.