Октябрь районунун акими Дороев Азамат Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине ылайык, берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Жаныбек Аманович Орозалиев борбор калаанын Октябрь районунун башчысы болуп дайындалды.

Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.