Биринчи май акимиатында укук бузуулар боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйындар Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилүүчү комиссиянын жобосунун негизинде өткөрүлөт.

«Шелковый путь» компаниясына таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштаганы үчүн КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык 17 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

«М.В.С.» компаниясы уруксат кагаздары жок жер иштерин жүргүзгөндүгү үчүн 179-беренесинин 2-бөлүгү менен 17 000 сом айыпка жыгылды.

«Самира» кафесине (Жибек-Жолу 384) айланасында тазалыкты сактабаганы үчүн 13 000 сом айып салынган.

Калган 4 материалга эскертүү берилди.

Укук бузуулар боюнча комиссия жумасына бир жолу өткөрүлөт.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Санитардык жана көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар. Болбосо, инспекция менчигинин түрүнө карабастан протоколдорду түзөт.