Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Дэн Сяопин проспекти менен Б.Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде кирүү белгиси салынууда.
Бүгүнкү күндө инженердик тармактарды чыгаруу жана стелланы (бийиктиги 11м) куруу иштери аяктады.
Айланасын көрктөндүрүү, тамгаларды (Бишкек) жана ак илбирсти орнотуу үчүн стелланы сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат.