Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров директорлор кеңешинин төрагасы Бартолет Роланд менен жолукту.

Жолугушууга шаар куруу, энергетика, комплекстүү долбоорлор боюнча швейцариялык компаниянын өкүлдөрү да катышты.

Өз кезегинде мэр транспорт инфраструктурасынын маанилүү өнүгүп жатканын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.