Шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында Октябрь районунда тышкы жарнакты иретке келтирүү боюнча рейддер жүргүзүлдү.
Октябрь администрациясынын кызматкерлери Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы, “Бишкекбашкыархитектура” МБ, Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен биргеликте тышкы жарнамаларды иретке келтирүү боюнча рейддерди өткөрдү.
Жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери Байтик-Баатыр көчөсү менен Аалы Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстов көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Негизги басым латын арибинде жазылган жарнама структураларына бурулуп, бүгүнкү күндө 55тен ашык жарнама түзүмдөрү алынды.
Буга чейин комиссия жарнаманы жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.
Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.