Кеңешмеге турак-жай-коммуналдык чарба, курулуш жана транспорт бөлүмүнүн башчысы, №18 МАБнын начальниги, «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасынын Свердлов райондук участогунун начальниги жана автобекеттин начальниги катышты.
Свердлов районунун башчысы «Чыгыш автобекеттери» филиалынын директору Казыбек Кадралиевге маршруттук таксилердин линияларын иретке келтирип, кошумча каттамдар үчүн орундарды уюштуруу, чарба жүргүзүүчү субъекттерди көчүрүү, сугат каналдарын куруу иштерин баштоо, фасадды оңдоо, жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди уюштурууну тапшырды. Ошондой эле №18 МАБнын начальнигине жер астындагы өтмөктүн жанындагы сатуучуларга санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү тапшырылды.