Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдында  мэриянын жыйындар залында кезектеги штаб өттү.

Жыйын Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын төрагалыгы алдында борбор калаанын аппарат жетекчиси жана вице-мэрлери, район башчысы, шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Бишкек шаарынын мэри кызматтарга ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү, шаардыктар арасында добуш берүүгө милдеттүү түрдө катышуу тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле муниципалитеттин башчысы шайлоого мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин кийлигишүүсүнө жол бербөө жөнүндө эскертти.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-майына мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Борбордук шайлоо комиссиясы бул шайлоолорду даярдоо боюнча иш-чаралардын календарлык планын бекитти-талапкерлер 27-апрелге чейин каттала алышат.

Урматтуу шаардыктар, эгер сиз акимиаттын, МАБнын кызматкерлеринин, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин алдыдагы шайлоо процессине кийлигишүүсүнө күбө болсоңуз, бизге дароо кабарлоону суранабыз.

Кайрылуулар кечки саат 9дан 18ге чейин кабыл алынат.

0(312) 65 69 02, 65 69 10,  ошондой эле  фото жана видеоматериалдарды жөнөтүү үчүн WhatsApp (0702) 92 72 88.