Биринчи май районунда No69 Т. Сатылганов атындагы мектеп-гимназиясынын базасында Жарандык коргонуу күнүн өткөрүлдү.

Эвакуация район акиминин орун басары Аида Рысбаеванын катышуусунда өттү.

Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери өрт өчүрүүчү алгачкы жабдуулар менен иштөө, ал эми ЮНИСЕФтин өкүлдөрү жер титирөө болгон учурда жүрүм-турум эрежелери жана коопсуздугу боюнча  иш-чара өткөрүштү.

Машыгууга 1000ден ашык окуучу жана 50гө жакын мугалим катышып, эвакуация планы боюнча өтүп, авариялык жана негизги чыгуулар пайдаланылды.

Белгилей кетсек, иш-чара Биринчи май районунун 2023-жылга жарандык коргонуу боюнча даярдык планынын алкагында уюштурулган.

Урматтуу жарандар! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!