"Калыс-Ордо" конушунда 140 орундуу 7 топко ыңгайлаштырылган бала бакчанын курулушу башталды.

Иштин жүрүшү менен Биринчи май акимиатынын аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков таанышты.

Мектепке чейинки мекеменин аянты - 1 390 чарчы метр,  жалпы аянты - 0,68 га.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн - зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана, уктоочу бөлмөлөр, жуунуч бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы "Арай" подрядчы компаниясын аныктады.

Курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.