13-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объектилерине жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
* Ала-Арча дарыясы - Жибек Жолу проспектиси- темир жол линиясы-Жаш Гвардия бульвары;
* Жаш Гвардия бульвары-темир жол линиясы – Фрунзе көч. - Манас пр.;
* Д.Сяопин пр. - Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көч. – Кулиев көч. – Москва көч. – Фучик көч. – Казаков көч.
"Запад-2" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, калкты ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.