Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов “Мадина” соода борборунун аймагындагы унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек унаа токтотмолору жана унаа токтотуучу жайы муниципалдык ишканасынын (Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин астында), Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ШМБ - 6 райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө «Бишкек унаа токтотмолору жана унаа токтотуучу жайы» муниципалдык ишканасына “Мадина” соода борборунун аймагында муниципалдык жер тилкелерин (паркинг) түзүү үчүн белгиленген тартипте “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесине кайрылуу жасалды. Ошондой эле “Аламүдүн”, “Дордой” базарларын Бишкек шаарынын жер участокторуна ижара укугун берүү боюнча комиссиянын кароосуна коюу.
Белгисиз жайларга унаа токтотуу, акча чогултууну алдын алуу максатында райондун ички иштер башкармалыгы тарабынан күнүмдүк иш жүргүзүлүп, "Мадина" соода борборунун, “Аламүдүн”, “Дордой” базарларынын айланасында мыйзамсыз түрдө унаа токтотуучу жайга акча чогулткан жарандарга тыюу салуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Мындан тышкары, Бишкек ШИИБге “Мадина” соода борборунун, “Аламүдүн” базарынын аймагында жана аялдамаларда башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан тыюу салуу белгилеринин астында башаламан унаа токтотуу иштерин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.