Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын 145 жылдыгына карата шаардык кызматтар тууралуу баяндайт.

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасына быйыл 72 жыл толду. 1951-жылдын 13-январында Фрунзе шаарынын алгачкы троллейбус каттамы ачылган. Троллейбустун  эң алгачкы айдоочусу Тагильцев Николай болгон.

Биринчи каттам Фрунзе атындагы темир жол жана Свердлов көчөсү менен  (азыркы Илимдер академиясынын алды) жүргөн.

Троллейбустун №1  каттамы Линейный, Совет, Сталин (Чүй проспекти) көчөсүнөн баштап, Крупская атындагы балдар үйүнө чейин каттаган. Ал эми №2 каттам Темир жол вокзалынан Ленин проспектиси (Жибек- Жолу) аркылуу өткөн.

Линиянын ачылган учурдагы жалпы узундугу 8,4 чакырымды түзүп, МТБ-82Д үлгүсүндөгү 4 троллейбус шаардыктарды ташыган.  Эң алгачкы жылдагы жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 3228 миң адамды түзгөн.

Фрунзе троллейбус башкармалыгы ачылганда башкармалыкта жалпы 78 кызматкер эмгектенген.

1952-жылы каттамдын узундугу 17,4 чакырымга жетип, тургундарга 10 техника кызмат кылган. 60 орундуу №1 депо курулуп, Анда административдик корпус, профилактория, мастерской, гараж жана диспетчер пункту орун алган.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгында  616 адам эмгектенип, таң аткандан күн батканга чейин  жүргүнчүлөрдү тейлейт. Борбор калаада коомдук транспортту өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында шаар бийлиги болгон аракетин көрүүдө. Акыркы троллейбустар 2018-жылы алынып келинген. Учурда башкармалыкта 179 троллейбус 11 каттам менен жүрөт.

МТБ-82. 1951-жылы Россиядан алынып келинген.

ЗиУ-5. 1952-жылы алынып келинген.

ЗиУ-682Б. 1972-жылы Россиядан алынып келинген.

ЗиУ-682Г. 2001-жылы Россиядан 32 даана троллейбус келген.

АКСМ 321-02. 2009-жылы Белорусиядан 20 даана троллейбус келген.

ТРОЛЗА. 2013-жылы Россиядан 44 даана троллейбус келген.

Транс-Альфа 5298.01. 2018-жылы Россиядан 35 даана троллейбус алынып келинген.

АКСМ 321. 2018-жылы "Белкоммунмаш Белоруссия" ишканасы чыгарган 15 даана троллейбус келген.


ТРОЛЗА ОПТИМА 5275.03. 2018-жылы Россиядан "Тролза Маркет" ЖЧКсынан орто кабаттуу 22 троллейбус келген.