"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы менен биргеликте түнкү рейддеринен кийин шаар тургундарынан “Мыйзамды бузбастан таштандыларды кайда таштоо керек?” деген суроолору көп болуп жатат.

Биринчиден, контейнер аянтчалары катуу-тиричилик таштандыларын (тамак-аш калдыктары, кагаз, бөтөлкөлөр, пластмасса ж.б.) чыгарууга арналган, ошондой эле турак жайды жылытуу максатында колдонулган көмүрдүн күлүн чогултулган түрүндө гана чыгарууга уруксат берилет.

Экинчиден, белгиленген контейнер аянтчаларында: чоң көлөмдөгү курулуш таштандыларын (үй курулгандан кийин, үйдү оңдоо, кирпич, плитка, линолеум ж.б.); тигүү калдыктарын; өндүрүш калдыктарын (малдын ичи-карыны, союу цехтеринен чыккан калдыктар, дөңгөлөктөр, авто тетиктер ж. б.); капка салынбаган күлдү төгүүгө болбойт.

Үчүнчүдөн, мончо, сауна, тандыр үчүн күлдү ташып чыгаруу "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен келишим боюнча ишке ашырылышы керек же ишкерлер өздөрү жүк ташуучу унаасы менен Бишкек санитардык полигонунун аймагына алып чыгышы керек.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардык кызматтардын эмгегин сыйлоону өтүнөт.