Свердлов районунда ирригациялык түтүктөрдү куруу иштери жүрүп жатат.

Райондун жашоочулары бир нече жылдан бери ирригациялык тармактар маселесин көтөрүп келишкен.

Учурда “Бишкекасфальтсервис” МИнин кызматкерлери Жибек-Жолу проспектисин бойлой Шопоков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин узундугу 1500 погон метлик сугат түтүктөрүн төшөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул иштер Жибек-Жолу проспектисинин боюндагы тротуардын капиталдык курулушунун алкагында жүргүзүлүүдө.