Биринчи май муниципалдык администрациясы ыктыярчыларды катуу тиричилик таштандыларын сорттоо боюнча үч күндүк акцияга катышууга чакырат.
Маалыматтык-практикалык иш-чараны Панфилов көчөсүндөгү №188/2 үйдүн маңдайындагы катуу таштандыларды сорттоочу жайлардын биринде өткөрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 15-апрелинен тартып бул сорттоочу жайга сорттолбогон таштандылар кабыл алынбайт.
Жаратылышты сактоо, өндүрүш жана керектөө калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат.
Таштандыларды чыгарууга мамилени туп-тамырынан бери өзгөртүү жана алардын көмүлгөн жерлеринин көлөмүн гана эмес, бөлүкчөлүү түзүмүн да кыскартууну камсыз кылуу зарыл.
Кагаз, желим, айнек жана металл калдыктары сорттоого жатат.
Сорттолбогон калдыктарга тамак-аш калдыктары, аралаш таңгак (бир жолу колдонулуучу идиш-аяк, тетрапак), гигиеналык каражаттар (нымдуу салфетка, памперстер), тазалоочу калдыктар жана башка калдыктар кирет.
Сорттолгон таштандылар топтолгон сайын контейнерден чыгарылат.
Урматтуу жарандар! Экологиялык жактан сак болууга жана тиричилик таштандыларын өзүнчө чогултууну активдүү колдоого чакырабыз.
Жана жакында сиздин районуңуз, көчөңүз, корооңуз кандай өзгөрөрүн байкайсыз!
Иш-чарага катышып, айлана-чөйрөнү жакшыртууга салым кошууну каалагандар 0(999) 636 013 номуруна кайрылса болот.