Каба уулу Кожомкул спорт сарайынын спорт аянтчасында Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата аялдар жана эркектер командаларынын арасында волейбол боюнча Бишкек шаарынын чемпионатын өткөрдү.

Турнирге эркектер арасында 5 команда жана аялдар арасында 4 команда катышты.

Эркектер арасындагы чемпионаттын жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун-КР ИИМ ички аскерлери;
2-орун-КР Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу;
3-орун-КМУнун И.Арабаев атындагы "БИЛИМ" командасы.

Аялдар командаларынын арасында:

1-орун – "Дордой";
2-орун – "Салам-Алик";
3-орун – КР ИИМ "Ала-Тоо".

Волейбол боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр департаменттин дипломдору, медалдары жана кубоктору менен сыйланышты.