«Түштүк-Батыш» жана «Гагарин» суу алгычтарын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу калаанын төмөнкү көчөлөрүндө таза суу берилбейт: Л.Толстой, Жунусалиева, Айни, Чайковский көчөлөрүндө, «Ак-Өргө» конушунда, анын ичинде: Жер бөлүштүрүү институту, №55 орто мектеп, Ленин районунун Аскердик комиссариаты, №5 мончо, Гагрин көчөсү боюнча Бишкекжылуулукэнергонун казаны жана Жер бөлүштүрүү институту, «Кока-Кола» ЖЧКсы, «Яшар» ЖЧКсында.

«Кыргызконьягы» ЖЧКсында, «Комбинат» ЖЧКсында, «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧКсында жана «Лина» фирмасында суу басымы төмөндөйт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.