Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясы борборду көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантууда.
Инспекция тарабынан оңдоо бригадасынын кожоюнуна карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 3 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Алар салынган айыппулга каршылык билдиришкен жок.
"Адмирал" бизнес-борборунун Манас көчөсү 41 дарегиндеги кире беришине курулуш таштандыларын таштоо кампасын уюштурушту.
Мындан тышкары, "Укук бузуулар жөнүндө" Кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык катуу тиричилик калдыктарын белгиленген жерге таштабагандыгы үчүн "Альфа Телеком" ЖАКы, "Свис тайм" ЖЧКсы жана "ЖИ ТРУЛЕВ" ГШга карата протоколдор түзүлдү. Бул компаниялар бузуу менен макул эмес, ушуга байланыштуу андан ары териштирүү үчүн административдик комиссияга жөнөтүлөт.
Ошондой эле, "АЛЛОР Строй Сервис" ЖАКына жана "Азия молл" соода борборуна карата туруктуу негизде белгиленбеген жерге тиричилик калдыктарын чыгарууга жол бербөө жөнүндө жазуу түрүндө буйрук берилди.
Урматтуу шаардыктар! Сиздерден санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз. Санитардык нормаларды сактабагандарга инспекция тарабынан менчигинин түрүнө карабастан протоколдор түзүлөт.