Ленин районунун №185, 18 жана 22 мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдар күн сайын жомокторду угуп, бири-бирине айтып беришет.
Жогоруда аталган мектепке чейинки бала бакчаларда ар бир топ телевизор, үн колонкасы жана интернет менен жабдылган.
Методикалык кабинет үн коштогуч, ноутбук, микрофон, үн колонкасы, интернет менен жабдылган жана бардык курактык топторго видео, аудио форматтагы маалыматтарды берүүчү жай болуп саналат.
Үн коштоого ылайыкталган методикалык кабинеттин жардамы менен:
- бардык топтор боюнча жалпы мүнөздөгү берүүлөрдү өткөрүү;
- жалпы, ошондой эле айрым курактык топтор боюнча видео же аудио сабактарды өткөрүү;
- жумушчу видеоконференцияларды өткөрүү.
Долбоордун максаты: массалык топ менен иш алып барууга оптималдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмунда байланыштын автоматташтырылган системасын түзүү, балдарды кунт коюп угууга, ой жүгүртүүгө, өз оюн билдирүүгө, баарлашууну үйрөтүүгө, китепке болгон сүйүүнү тарбиялоого үйрөтүү.
Долбоор Президент Садыр Жапаровдун "Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз жараны 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө Жарлыгын жана "2022-2027-жылдарга Улуттук баалуулукту сактоо жана өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык жүзөгө ашырылууда.