Космонавтика күнүнө жана Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаада 12-апрелден 13-апрелге чейин космонавт Сергей Корсаковдун катышуусунда бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

12-апрель, шаршемби

- Саат 09:00дө №25 мектептин жанындагы Юрий Гагариндин бюстуна жана БГУнун имаратындагы мемориалдык тактага гүл коюу иш-чарасы;
- Саат 14:30да №24 мектептин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуу;
- Саат 15:30да жолугушуу борбордун мектеп окуучуларынын арасында откон дил баяндар конкурсунун жеңүүчүлөрү менен С.В. Корсаковдун жолугушуусу;
- Саат 18:00дө Россия Федерациясынын Борбордук аскер округунун ансамблинин концерти.

13-апрель, бейшемби

- Саат 09:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги жана алдыңкы окумуштуулар менен жолугушуу;
- Саат 17:00дө "Жылдыздарга жол Бишкектен башталат" Улуттук тарых музейинде Сергей Корсаков менен ачык жолугушуу;
- Саат 18:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде "Биринчилердин мезгили" тасмасы көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Ю.А.Гагарин атындагы илимий изилдөө институтунун орусиялык сыноочу-космонавты Сергей Корсаков 1984-жылы 1-сентябрда Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында туулган. СССРдин/Россиянын 127-космонавты СССРдин/Россиянын космосто 129-жараны.

2022-жылдын 18-мартында Байконур космодромунан №1 кеменин бортинженери катары «Союз МС-21» транспорттук башкарылган космостук кемеси менен Эл аралык космос станциясына учурулган. Жерге 2022-жылдын 29-сентябрында кайтып келген. Учуунун узактыгы 194 күндөн ашык болгон.