Тургундар шаардык кызматтар менен биргеликте воркаут аянтынын вандалдардан жабыркаган тренажерлорду оңдоп беришти.

2021-жылы «Тянь-Шань Инвест Строй» ЖЧКсы Мечников жана Суворов көчөлөрүнүн ортосундагы Чоң Чүй каналынын боюна жарандар үчүн сырткы машыгуу шаймандары менен спорт комплексин курган.

Бирок, 2022-жылдын аягында белгисиз адамдар тарабынан комплекстин айрым элементтери бузулган. Эми  27-кварталдын жашоочуларын кубандырып, воркаут калыбына келтирилди.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин баалап, муниципалдык менчикке кам көрүүңүздөрдү суранабыз!