Бишкектин Свердлов районунда үйлөрдүн фасадынын архитектуралык көрүнүшүн калыбына келтирүү жана жакшыртуу боюнча муниципалдык администрациянын жана демөөрчүлөрдүн аракеттери жүрүп жатат.
«Бурана Гранд» ЖЧКсы Чүй пр.105 дарегиндеги үйдүн фасадын калыбына келтирүү иштерин үч этап менен жүргүздү:
- имараттын фасадындагы жаракаларды, ошондой эле ар кандай бузулууларды оңдоо;
- атайын топурак аралашмасы менен тазалоо;
- эки катмар сырдоо.
Ошондой эле, жанаша жайгашкан чарбалык субъектилердин демөөрчүлөрү тарабынан Чүй пр., 117 дарегиндеги үйдүн фасадын калыбына келтирүү иштери аяктады.
Буга чейин «Спорт Клуб» ЖЧКсы Абдрахманов көчөсү, 141, Москва көчөсү, 86, Абдрахманов көчөсү 105/1/2/3 көчөлөрүнүн боюндагы имараттардын фасаддарын калыбына келтирүү боюнча долбоорго “Бакай Банк”, “ФинансКредитБанк” жана Турпан Строй курулуш компаниясы демөөрчүлүк көрсөтүштү.
Мындан тышкары Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин администрациясы Чүй проспектисиндеги эки имараттын (42 жана 44-үйлөр) фасадын жаңылайт;
“Таалай базары” базарынын администрациясы Чүй пр., 119 дарегиндеги имараттын фасадын жаңыртат;
«Мега Строй» ЖЧКсы Абдрахманов көчөсүндөгү дагы бир үйдү оңдоого 135-500 кг боёк берди.
Ошондой эле, Свердлов районунун акимиаты Бишкек шаарынын жараны Жанна Дубровина менен биргеликте Ю.Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан саатты сырдоо жана оңдоо иштерин жүргүзүштү.
1994-жылы саатты Жанна Дубровинанын атасы шаардын эстелиги катары орноткон. Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата көрктөндүрүү жана архитектуралык объектти орнотуу иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, бул иш-чаралар Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүгү чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.
Борбор калаанын муниципалитети мекеме-уюмдарга жана шаар тургундарына борбордун көрүнүшүн жакшыртууга көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.