«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына кызматкерлер керек.

Инженер-сметчик талап кылынат. Өтүнмө ээсине талаптар:

- 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
- соттолгон эмес;
- кесиптик билими;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- компьютер ж.б. техникаларды колдонуу, керектүү программарды билүү;
- тиешелүү чөйрө боюнча билимдүү жана көндүмдөр;
- кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ.

Ошондой эле 1 «Камаз» айдоочусу керек:

- 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
- В-С категориясындагы айдоочулук күбөлүк, тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;
- так жана жоопкерчиликтүү.

10 жол жумушчулары:

- 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
- тажрыйбасы бар кесипкөй жумушчулар;
- жаман адаттары жок;
- ишке так жана жоопкерчиликүү;
- нормаларга жана талаптарга ылайык иштерди аткаруу.

Урматтуу талапкерлер! Жаныңызда туура жазылган телефон номурун камтыган резюме болушу шарт.

Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин, Хвойная көчөсү, 70 дарегинде болот, маалымат үчүн телефон: 0312377717.