Мелдешке 4 команда катышты.
Мелдештин максаты Бишкек шаарында альпинизмди кеӊири жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу болуп саналат.
Иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Альпинизм Федерациясы менен биргеликте уюштурууда.
Мелдеште төмөнкүлөр жеңишке ээ болушту:
1-орунга 18 бал жыйынтыгы менен СКИФ командасы (Селивестров С., Клевцова А., Макаренко К., Запоточный М.), 2-орунга 16 балл алган Ак-Сай командасы (Широбоков А., Котляр В., Мутле М.), 3-орунгаСКИФ-2 (Актаев К., Хасанова Э., Загорулько О.,Чулков С., Филей Д., Зеленский И.) жана 4-орунга 2 балл топтогон Каракол командасы (Жидков А., Алексеенко А.) ээ болду.
Жеңүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин диплом, медаль жана баалуу белектери менен сыйланышты.