«Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында Октябрь районунун мектеп мугалимдери жана окуучулары мектептин айланасын көрктөндүрүү иштерине активдүү катышууда.
Учурда мугалимдер окуучулар менен биргеликте ийне жалбырактуу, жалбырактуу дарактарды, бадалдарды, гүлдөрдү отургузууда.
Алдыда мектептердин мугалимдери жана окуучулары тарабынан мектеп аймактарын мындан ары жашылдандыруу пландаштырылууда.