10-апрелден тарта борбордо жүргүнчүлөрдү жана борбор калаанын конокторун тейлей турган №49-автобус каттай баштады.

№49 автобус Арча-Бешик конушунан – 24,2 чакырымды түзгөн айланма жол менен жүрөт. Аралыгы 7 мүнөттү түзүп, каттамга 13 автобус чыгат.

Бишкек шаарынын мэриясы ар бир жүргүнчү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүдө, эми ар бир жүргүнчү өзүнө жоопкерчиликтүү болуп, тазалыкты сактоону суранабыз!