Борбор калаада социалдык объектилерди жана көрктөндүрүү элементтерин куруу уланууда.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жарандык демилге жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Элнура Дүйшекееванын жардамы менен Профсоюз жана Буурдин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан балдар жана машыгуучу аянтчанын курулушу менен таанышты. Иштердин 80%ы аткарылган.

Андан кийин аким  Нарв көчөсү, №74 дарегинде “Сетунь” бала бакчасын реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн барып жеринде көрдү. Бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы   аркылуу жүргүзүлүүдө.

Капиталдык оңдоо менен бирге имарат кайра пландаштырылган, мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу, имараттын аянты 1231 чарчы метрди,  жалпы 0,52 га аянтты түзөт.

Бала бакча 130 орунга ылайыкталган. Бала бакчада наристе тайпасы, кенже тайпасы, 2 жогорку тайпасы  жана 2 даярдоо тайпасы болот.

Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары музыка жана гимнастика үчүн өзүнчө бөлмө каралган.

Мектепке чейинки балдар мекемеси бардык көмөкчү бөлмөлөр: медициналык бөлмө, коомдук тамактануу бөлүмү, кир жуучу жай, чарбалык бөлмөсү менен долбоорлонгон.

Ошондой эле аймак жашылдандырылып, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук кызматтарга тапшырмаларды көрсөтүү менен проткол түзүлдү.