Арча-Бешик конушундагы «Газпром» балдар үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Майрамдык салтанатка Улуттук олимпиада комитети, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү, 4 административдик райондун спорт инструкторлору, Бишкек шаарындагы спорт мектептеринин кызматкерлери, машыктыруучулары жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча  департаментинин  кызматкерлери катышты.

Мелдештерге 200дөн ашык адам катышып, спорттун үч түрү боюнча турнирлер өткөрүлдү:

⁃ футзал
⁃ дартс
⁃ стол тенниси

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр, байге ээлери кубок, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда Бишкек шаарынын жана жалпы Кыргызстандын дене тарбиясына жана спортун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, жаш муундарды тарбиялоого жана жогорку класстагы спортчуларды даярдоого активдүү катышкандыгы үчүн катышуучуларга Ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле Улуттук олимпиада комитети,  Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин инструкторлору да сыйланышты.

Белгилей кетсек, бул күн КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы токтомуна ылайык 2014-жылдын 6-апрелинен тарта белгилене баштаган.