“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 11-апрелде саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Т.Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, Рабочи городок, Айыл чарба институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары(Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көч. ылдыйы).
Өчүрүү «Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранат.