Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине баланс кармоочу «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» ММ тарабынан берилген арыздын негизинде Бишкек шаарынын муниципалитетинин менчигинде турган автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион пландаштырылууда.

Департаменттин  имаратында жарандык коомдун, ошондой эле "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы" МИнин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Жыйындын жыйынтыгында транспорттук каражаттарды сатуу сатуу боюнча аукциондун мөөнөтү аныкталды. Аукцион 2023-жылдын 12-майында өтөт.

Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарынын тизмеси бекитилди жана кепилдик төлөмдүн өлчөмү ЛОТтун баштапкы наркынын 10% өлчөмүндө аныкталды.

Арыздар 2023-жылдын 10-майына чейин Бишкек ш.,Чокморов көчөсү, 246 дарегиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин  Муниципалдык менчикти эсепке алуу жана укук белгилөөчү документтер бөлүмү, №23 кабинетинде кабыл алынат.

Суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин муниципалдык менчикти эсепке алуу жана укук белгилөөчү документтер бөлүмүнө кайрылыңыз, телефон: 0 (312) 45-44-08; 0707 45-19-48.