Биринчи май акимчилиги 2010-жылдагы Апрель окуясынын 13 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чарага каза болгондордун үй-бүлөлөрү, ошондой эле апрель окуясынын катышуучулары чакырылган.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Бишкек шаарында үй-бүлөлүк майрамдарды жана эскерүү жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү эрежелерин сактоо менен өткөрүлдү.

Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каза болгондордун, жабыркагандардын жана апрель окуясынын катышуучуларынын 47 үй-бүлөсү каттоодо турат, аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлүп, анын ичинен 4 каза болгондордун үй-бүлөсүнө 10 миң сомдон, 22 жабырлануучуга 5 миң сомдон, ал эми  21 катышуучуга 2000 сомдон берилет.

Апрель окуясынын он үч жылдыгына карата борбор калаанын Октябрь району да ифтарга 120дан ашык катышуучуну чакырды.

Иш-чарада катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, өлкөбүзгө тынчтык жана туруктуулукту каалашты.

Райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 114 адам каттоодо турат, анын ичинен 17  жесирге  10 миң сомдон, 69 жабырлануучуга 5 миң сомдон, 28 баатыр-катышуучуга 2 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлөт.

Ленин районунун акимиаты 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын катышуучуларына ооз ачуу уюштурду.

Райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө, апрель окуясында   каза болгон, жабыркаган катышуучуларынын 38 үй-бүлөөсү каттоодо, аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт, анын ичинен каза болгон 38 үй-бүлөөгө 10 миң сомдон, 60 жабырлануучуга 5000 сом, 31 катышуучу 2000 сомдон алат.

Ошондой эле Рамазан айынын урматына Свердлов райондук администрациясы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын катышуучуларын эскерүү иш-чарасын өткөрөт.

Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каза болгондордун 58 үй-бүлөсү, 32 жабырлануучу каттоодо турат, аларга бир жолку материалдык жардам, анын ичинен 9 каза болгондордун үй-бүлөөсүнүн ар бирине 10 миң сомдон, жабыр тарткандарга  5000 сомдон, ал эми катышуучулар 2000 сомдон алышат.

Иш-чаранын соңунда каза болгондорго багышталып куран окулду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Бишкек шаарында үй-бүлөлүк майрамдарды жана эскерүү жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү эрежелерин сактоо менен өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, быйыл 2010-жылдагы Апрель окуясына 13 жыл болду.