“Ыр кесе” “Тарых жана маданият” жылына карата мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана тилдер саясатын өркүндөтүү,   улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн, каада –салттарын, үрп-адаттарын даңазалоо максатында өтөт.


«Ыр кесенин» 1-туру райондук Билим берүү борборлору тарабынан өткөрүлүп, 80ден ашык билим берүүчү уюмдарынын 200 ашык мугалимдери катышышты.


Биринчи турдун жыйынтыгы менен 12 номинация боюнча эң мыкты деп аталган номерлер шаардык 2-турга тандалып алынды. «Ыр кесенин» шаардык 2-туруна 50дөн ашык билим берүүчү уюмдардын мугалимдери катышышат.