Алсак, 4-апрелден 6-апрелге чейин Ахунбаев көч., 97 дареги боюнча  Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өткөрүлөт:

- 17-эл аралык адистештирилген саламаттыкты сактоо көргөзмөсү-MedExpo-2023;
– 7-эл аралык адистештирилген Стоматология көргөзмөсү – Dental-Expo Kyrgyzstan – 2023.

18-апрелден 20-апрелге чейин ошол эле жерде көргөзмөлөр өтөт:

- 20-юбилейлик эл аралык курулуш жана интерьер көргөзмөсү-KyrgyzBuild-2023;
- 13-эл аралык энергетика жана жарык көргөзмөсү - EnergyExpo Kyrgyzstan-2023;
- 8-эл аралык жол курулушунун, атайын техниканын жана тетиктердин көргөзмөсү- KyrgyzComex 2023;
– 8-эл аралык коопсуздук, коргоо жана өрткө каршы шаймандар көргөзмөсү- SafetyExpo 2023.

Көргөзмөлөргө Беларусь, Германия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Польша, Россия, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Корея сыяктуу 12 өлкөдөн 200дөн ашуун компаниялар катышат.