Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Бухгалтер жана аудиторлор күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Сиздердин иш тактыкты, деталдарга өзгөчө көңүл бурууну жана такай көзөмөлдөөнү талап кылат. Сиздердин аркаңыздар менен ишканалар, компаниялар жана мекемелер ийгиликтүү иштеп, өнүгүп жатат.
Талыкпаган мээнетиңиздер, ак ниет эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Ар дайым аманчылыкта, ден соолукта жүрүңүздөр. Үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!