Октябрь акимиаты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Мамлекеттик салык кызматы жана прокуратура менен биргеликте базарлардын жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрдү.
Ишкерлерге «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөө биримдүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Тегерек столдун жүрүшүндө сатуучулардын милдеттери жана "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык керектөөчүлөрдүн укуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, ишкерлер тарабынан социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө маселеси каралып, QR коддорду колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында түшүндүрмөлөр берилди.
Тегерек столдун жыйынтыгында ушундай эле түшүндүрүү иштерди Октябрь районундагы базарлардын жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү үчүн жеринде жүргүзүү чечими кабыл алынды.